Биз менен байланышыңыз

Атамбаев Кой-Таштагы үйү тууралуу айтты

Кыска кабар | 19 Ноя 2018 | 1106 | 0

Экс- президент Алмазбек Атамбаев Кой-Ташка курулган үйү тууралуу айтты. Ал «Апрель» телеканалына берген маегинде Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов Кой-Ташка ден соолукту чыңдоочу борбор куруп баштаганын айтып, аны бүтүргөнгө каражаты жетпей жатканын себеп кылып Атамбаевдин сатып алуусун сунуштаган. Анда 2,5 гектар жер болгонун, ичинде 2 кабаты бүтүп, 3 -кабаты курулуп жаткан имарат болгон.

-Мен жер үйдө эле жашагым келгенин айтсам, долбоор даяр болуп калган экен. Ошентип кол беришип, келишим түздүк. Мен ага өзүнө ыңгайлуу бааны суроосун айткам. Анда жер жеке жактан алынганын айткан эле. Кийин ал участок бир учурда «Дастан» ишканасына таандык болгондугун айтып, менден кечирим сурады. 

Атамбаев өзүнүн үйү тууралуу айтылып жаткан терс пикирлер таң калтырганын да жашырган жок. Ал жылына орто эсеп менен 2 миллиард сом кирешеси болорун, кааласа, чет жерден да виллаларды сатып алууга чамасы жетерин билдирди.

-Башка байлар сыяктуу Түркиядан, Англиядан, Дубайдан вилла сатып алсам болот эле. Биздин саясатчылардын, депутаттардын көбү үйсүз. Алар мүлктөрүн башкаларга катташкан. Байлыгын ачык көрсөтүп, так жашаса болбойбу? Эч жакка качууну көздөбөгөн президент өзүнүн мекенине эле үй салды. Кааласам, Босфордун жээгинен үй сатып ала алмакмын.

Атамбаев мындан тышкары бай достору менен бирге Бишкектин 7-кичи районуна мечит салып жатканын айтты. Аны буга чейин убадалагандай, 7-апрель окуясынын баатырларына арнаганын билдирди.

Өзү чынчыл экенин, бирөөгө каттатып, сырттан үй ала турган адам эмес экенин белгиледи. Анын мүлкү тууралуу терс пикирди айткандар ичкүйдүлүк кылып жатышканын, андай адат Кудайга да жакпасын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM