Биз менен байланышыңыз

Атамбаев: мага Акаев, Бакиевдин убагында да мынчалык жалаа жабылган эмес

Кыска кабар | 19 Ноя 2018 | 1064 | 0

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу пикирин билдирди. Ал «Апрель» каналына берген маегинде эмне себептен буга чейин унчукпай келгенин айтты. Ал өз сөзүндө КСДПнын март айында өткөн сьездинде Сооронбай Жээнбековго өзүнүн кеңештерин айтканын, андан өзү чечим чыгаруусун, кандай иш алып баруусун күткөнүн билдирди.

-Карап көрсөм, менин кеңештеримди аткарган жок. Мен жана үй-тууралуу ар кандай жалган-жалаалар айтыла башталды. Мага карата мындай мамиле Акаев, Бакиевдердин убагында да болгон эмес. Ошол себептүү чындыкты айтууга туура келди,-дейт мурдагы президент.

Ушул тапта Атамбаев мамлекеттеги саясий кырдаал боюнча пикирин билдирип жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM