Биз менен байланышыңыз

Матраимов менен өкмөттүн иши боюнча соттук отурум жылдырылды

Кыска кабар | 19 Ноя 2018 | 510 | 0

Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов менен өкмөттүн иши боюнча соттук отурум 20-декабрга жылдырылды. Буга судьянын отурумга келбегени себеп болду.

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкек шаардык соту Матраимов менен өкмөттүн иши боюнча маселени карамак.

Эске салсак, ушул жылдын 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган.

Өкмөт райондук сот чыгарган чечимге нааразы болуп, 17-августта шаардык сотко арыз менен  кайрылган.

Ал апрель айында «мени негизсиз жумуштан алды» деп өкмөттү сотко берген жана ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM