Биз менен байланышыңыз

Депутат: Жаңы ачылган жагдай менен Текебаевдин ишин кайра караш керек

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Ноя 2018 | 613 | 0

Леонид Маевскийдин камалышы «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ак жеринен камакта отургандыгынын дагы бир далили. Бул жагдай Текебаевдин соттук ишин ишин кайра карап чыгууга толук кандуу негиз болуп берет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Текебаевдин ишин кайра кароону коом да, саясатчылар да талап кылат. Президент өзү да карап көрүп, бир пикирин билдириши керек.

«Ушул учур президентке да кыйын болуп жатат. Ага кыраакылык, алысты көрө билүү керек болуп турат. Текебаевдин түрмөдө отурушу президент үчүн дагы ката. Эгер адилетүүлүк орносо Текебаев сөзсүз түрдө акталып чыгат. Убакыт Текебаевдин пайдасына өтүп жатат. Себеби анын жаза аткаруу мөөнөтү азаюуда. Убакыт Текебаевди соттогондорду жоопкерчиликке тартууга жакындап жатат. Азыр сабыр жана чыдамдуулук керек. Баары өз ордуна келет. Сегизбаевди, Арабаевди качан жоопко тартасыңар деп күн сайын айтып жатабыз. Тынымсыз күрөшүп, адилеттүүлүккө жетебиз. Жеке тергөөчүдөй эле иштеп жүрөбүз», — дейт Шыкмаматов.

Эл өкүлү Текебаев менен өткөн жумада жолуккан. Анда Маевский камакка алына элек болчу. Шыкмаматов Текебаевди абдан жакшы тааный турганын айтып: «Текебаев Маевский тууралуу укканда «ушундай болмок» деп айтмак. Себеби ал “адилетсиздиктен ар бири өзүнө тиешелүү жазасын алат” деп ишенимдүү айткан», — дейт депутат.

Эскерте кетсек, 17-ноябрда Өмүрбек Текебаев менен мурунку Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишинде негизги күбө катары эсептелген орусиялык ишкер, Мамлекеттик Думанын мурунку депутаты Леонид Маевский камакка алынган.

Маевский 2010-жылы «Мегаком» ишканасын сатып алуу  үчүн Текебаевге 1 млн доллар бергенин айтып, арыз менен кайрылган. Бул даттануу Текебаевге айып тагууга негиз болгон. Жыйынтыгында Текебаев менен Чотонов 8 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү мамлекетке чегерилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM