Биз менен байланышыңыз

Израиль саясий кризиске кептелди

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Ноя 2018 | 762 | 0

Биньямин Нетаньяху жетектеген Израиль өкмөтү саясий атаандаштары тарабынан кысымга алынып, өлкө кезексиз шайлоого барууга мажбур болуп турат.

Өткөн жумада Израиль күч тузүмдөрү Газа тилкесинде согуштук операция жасап, ХАМАС аскердик тобунун каршы чабуулуна дуушар болгон. Натыйжада 7 палестиналык набыт болуп, куралдуу каршылык бир аптага созулду. Коңшу Египеттин кийлигишүүсү менен Израиль-ХАМАС тынчтык келишимине кол коюшту.

Дал ушул келишим Израиль өкмөтүндө жаракага себеп болуп, коргоо министри Авигдор Либерман келишимге нааразылык катары отставкага арызын берди. Парламенттеги коалицияны тузгөн партиялар Нетаньяхунун партиясы «Ликудду» жалгыз калтырып, коалициядан чыгып, бир гана «Еврей үйү» партиясы калды. Эми ал дагы чыкчу болсо, Израиль үчүн  кезексиз шайлоодон башка жол калбайт.

Ал арада премьер-министр Биньямин Нетаньяху кезексиз шайлоо өлкө үчүн чон апааттын башталышы болорун эскертүүдө. Шайлоочулар арасында популярдуулукка ээ экенине карабай өкмот башчы шайлоодон башка жолду издөөдө.

Copyright © 2017 Maral FM