Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында Азия чемпиондугуна тандоо жүрүп жатат

Кыска кабар | 18 Ноя 2018 | 662 | 0

Ош шаарында 17-18-ноябрь күндөрү грэпплинг боюнча Азия чемпиондугуна бара тургандар аныкталып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын UWW(United World Wrestling) грэпплинг федерациясынан билдиришти.

Мелдеш жаштар жана чоңдор арасында болуп, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын спортчулары катышат. Анда жеңишке жетишкендер Азия чемпиондугуна катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Булар чемпиондукка катышчу курама команданынын бир гана бөлүгүн түзөт. Ал эми экинчи бөлүгү болсо 22-23-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында аныкталат.

Жаштар арасындагы мелдешке 18-19 жаштагы кыздар жана балдар, ал  эми чоңдор арасындагы таймашка 20-35-жаштардагы эркектер жана аялдар катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM