Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында грэпплинг боюнча Азия чемпионатына тандоо болот

Кыска кабар | 4 Ноя 2018 | 632 | 0

Ош шаарында 17-18-ноябрь күндөрү грэпплинг боюнча Азия чемпионатына бара тургандар аныкталат. Бул тууралуу Кыргызстандын UWW(United World Wrestling) грэпплинг федерациясынан билдиришти.

Мелдеш жаштар жана чоңдор арасында болуп, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын спортчулары катышат. Анда жеңишке жетишкендер Азиядагы чемпионатка катышууга мүмкүнчүлүк алат.

Булар чемпионатка катышчу курама команданынын бир гана бөлүгүн түзөт. Ал эми экинчи бөлүгү болсо 22-23-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында аныкталат.

Жаштар арасындагы мелдешке 18-19 жаштагы кыздар жана балдар, ал  эми чоңдор арасындагыга болсо 20-35-жаштардагы эркектер жана аялдар катышууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM