Ош шаарында 17-18-ноябрь күндөрү грэпплинг боюнча Азия чемпионатына бара тургандар аныкталат. Бул тууралуу Кыргызстандын UWW(United World Wrestling) грэпплинг федерациясынан билдиришти.
Мелдеш жаштар жана чоңдор арасында болуп, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын спортчулары катышат. Анда жеңишке жетишкендер Азиядагы чемпионатка катышууга мүмкүнчүлүк алат.
Булар чемпионатка катышчу курама команданынын бир гана бөлүгүн түзөт. Ал эми экинчи бөлүгү болсо 22-23-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында аныкталат.
Жаштар арасындагы мелдешке 18-19 жаштагы кыздар жана балдар, ал эми чоңдор арасындагыга болсо 20-35-жаштардагы эркектер жана аялдар катышууга болот.