Биз менен байланышыңыз

Айтматовдун аты Кавказ тоосундагы чокулардын бирине коюлду

Кыска кабар | 18 Ноя 2018 | 872 | 0

Кавказ тоолорундагы чокулардын бири “Чыңгыз Айтматов чокусу” деп аталды. Бул тууралуу мамлекеттик ишмер, жазуучу Султан Раев фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун аты берилген чокуга Кыргызстандын желеги, жазуучунун аты жазылган такта орнотулган.

Бул саамалыкка президент Сооронбай Жээнбеков колдоо көрсөткөн. Кыргыз альпинисттери чокууга чыгуу үчүн 13-ноябрда жол тарткандыгын белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM