Биз менен байланышыңыз

Президент: Кыргыз кинематографиясы санжыралуу тарыхка ээ

Кыска кабар | 17 Ноя 2018 | 804 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн  кинематографисттерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Анда мамлекет башчы Кыргызстан кинематографиясы санжыралуу тарыхка ээ экенин, кыргыз киночуларынын  жараткан образдары элибиздин рухий кенчине, дүйнө таанымына  өзгөчө таасир берип, бүтүндөй бир муундун көркөм дүйнөсүнө айланганын айткан. Бул тармактын калыптанышына жана өнүгүүсүнө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын орду бар экенин белгиледи.

-Кыргыз киносу-улуттук өнөрдүн көч башында болуп,  дүйнөлүк кадыр-барктуу фестивалдарда жогору бааланып, эл аралык деңгээлде зор резонанс жаратып келет. Кинематографисттерибиз жакшы салттарды улантып, мындан ары да элибизди жаратмандыкка, адамдык  бийик касиеттерге шыктандырган мыкты тасмаларды тартуулай берет деп ишенем,-деди мамлекет башчы.

Кошумчалай кетсек, 17-ноябрь Кыргыз кинематографиясынын күнү катары 1994-жылдан бери белгиленип келет.

Copyright © 2017 Maral FM