Биз менен байланышыңыз

Эшимов: Баанын кескин көтөрүлүшүнө жол берилбейт

Күн чекит | 16 Ноя 2018 | 1008 | 0

Бүгүн, 16-ноябрдан тарта күйүүчү майдын баасы дагы көтөрүлдү. Бишкектеги күйүүчү май сатуучу жайларда бензиндин баасы 41 сом 50 тыйындан 50 сом 50 тыйынга көтөрүлдү.

Ал эми 20-октябрдан бери жогорулаган баа төмөнкүчө:

— Аи-80 — 20 тыйындан — 50 тыйынга чейин;

— Аи-92 — 30 тыйындан — 50 тыйынга;

— Аи-95 — 20 тыйындан -50 тыйынга  болсо,

— Аи-98 — 1 сомго көтөрүлгөн;

— дизелдик отун — 20 тыйындан -1 сомго чейин ;

— автогаз — 70 тыйындан -1,6 сомго чейин көтөрүлдү.

Айдоочулар мындай өзгөрүү алардын капчыгын кагып жатканын айтышууда.  Күйүүчү май рыногундагы жагдай тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшимов «Күн чекит» программасында айтып берди.

-Бүгүнкү күнгө карата рынокто акыбал кандай. Баа канча сомго чейин көтөрүлдү? Жалпы республика боюнча айтып берсениз?

Баалар күйүүчү майдын ар кайсы түрүнө ар башкача көтөрүлдү. Мисалы, сиз айткан 50 сом 50 тыйын АИ-98 маркасынын наркы. Калган түрлөрүнө 20 же 30 тыйындан кошулду. Баанын өсүшү ноябрдан тарта көтөрүлдү. Анткени бизге келген күйүүчү майдын баасы ар бир айдын башында белгилүү болот. Орусиянын мунай заводдору ошол учурда айтышат. Ошондуктан ар бир айдыкы ар кандай болуп өзгөрүп турат.

-Негизги себептери эмнеде? Дүйнөдө тенденция кандай?

Дүйнөдө деле мунайдын баасы көтөрүлүп жатканы байкалат. Бизде болсо мунай өндүрүлбөгөнү үчүн түздөн-түз башка өлкөгө көз карандыбыз. Буга чейин бир гана Орусиядан алып келсек, учурда Казакстандан дагы алып жатабыз. Бирок баанын көтөрүлүү себептерин алар айтышкан жок.   

-Бааны туруктуу кармоого жолдор барбы? Сиздер тараптан кандай чаралар көрүлөт?

Тилекке каршы, биз бааны туруктуу кармай албайт экенбиз. Бирок Нефтетрейдерлер ассоциациясы баанын кескин түрдө жогорулашына жол бербейт. Биз мурда сатып алган запастарды рынокко чыгарабыз. Ошондо айдоочуларга кескин түрдө күч келбейт. Бара-бара гана көтөрүлүп отурат. Эгер Орусия тарап кайра арзандатса, рынокто баа дагы дароо түшөт. Ошондуктан мындан ары жогорулап гана отурат деген түшүнүктөн алыс болушубуз керек.

-Маегиңизге рахмат!

 

Copyright © 2017 Maral FM