Биз менен байланышыңыз

«Бизнес кербени» ишкерлердин ишин илгерилетүүгө чоң салым

Коом , Экономика | 16 Ноя 2018 | 1504 | 0

ЖИА Бизнес-ассоциациясы тарабынан жеке ишкерлер үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк түзүлдү. «Бизнес караван»  долбоорунун алкагында бизнес-форум уюштурулду. Баткен облусунун аймагындагы 200дөн ашуун ишкерлердин башын бириктирген иш-чарага ишкерликти жаңыдан баштаган жана өз ишин ийгиликтүү жүргүзүп жаткан ишкерлер да катышып, аймактар аралык  бизнести кеңейтүү жана бизнес мүмкүнчүлуктөрүн табууга шарт түзүлдү.

Адилет Абдивалиев жаңыдан ишкерликти баштаган жаш ишкерлердин катарын толуктайт. Ал бир жыл мурда тоок фермасын ачып, чарбасын чоңойто алган. Учурда Баткен району, Баткен шаары жана коңшу Тажикстандын райондорун жумуртка менен камсыздап келет. Анын айтымында, жаш ишкерлер үчүн бүгүнкү бизнес-форум ишкерликти өнүктүрүүгө жана бул тармакта жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болуп берет.

-Бүгүнкү «Бизнес-Кербен» долбоорунун бизге абдан чоң пайдасы болду. Бизге республикадан ишкерлер келип тажрыйба алмаштык. Кээ бир ишкерлер өздөрүнө өнөктөш табышты. Бизге маалымат жактан да пайдалуу болуп, сырткы рынокту да камтуу керектигин үйрөнө алдык.

Ал эми көп жылдардан бери ишкерлик менен алектенип келген Бекболот Мадымаров облус аймагында ишкерлик көп учурда ички рынокко багытталгандыктан, экспортко ылайыктуу болбой жаткандыгын айтат. Ошондуктан бүгүнкү иш-чара мындай көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет деп эсептейт.

-Экспортко эмне үчүн биз умтулбайбыз? Анткени биз өндүргөн продукциянын көлөмү аздыгынан деп айтсак болот. Ушул маселени тереңирээк ойлонуш керек болуп жатат. Келечекте айыл-чарба тармагында жаңыча кадамдарды жасап, туруп калган өрөөндөрүбүздө заманбап технологиянын жардамы менен сапаттуу продукция чыгарсак деген ойго келип турган учурубуз.

Бүгүнкү форумдун өткөрүлүшү дал ушул көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Мындан сырткары эки тараптуу кызматташтыкты жөнгө салуу, ишкерлердин мамилесин бекемдөө, ошондой эле тажрыйба алмашууга шарт түзүү экенин  ЖИА Бизнес-ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыкулов айтты.

-Региондогу ишкерлерибизге өзгөчө жардам болсун деп Европага экпорттолуп жаткан товарлар кандай шартта жана кантип алып барса болот? Аны менен катар бажы биримдигинин талаптары кандай деген дагы бир кошумча семинар өткөрүп жатабыз. Ошондой эле Бишкек шаары, Нарын жана Талас облустарынан, жергиликтүү ишкерлердин продукцияларынын көргөзмөсү да болот. Жыл сайын өткөрүп келебиз. Бул жылы республикалык деңгээлде өткөрүүнү чечтик. Анткени региондорду өнүктүрүү жылына да багытталып, бардык облустарды кыдырып чыгууну туура таптык.

Форумдун жүрүшүндө ишкерлер үчүн  кардарларды табуу, рынокту изилдөө, жаңы бизнес ачуу,  бизнестеги перспективдүү багыттар боюнча мааалыматтар берилип, бизнестеги актуалдуу маселелер боюнча мастер класс өткөрүлдү. Бишкек шаары, Нарын жана Талас облустарынан келген 50 дөн ашуун ишкерлер менен жергиликтүү ишкерлердин ортосунда  кызматташуу келишимдери түзүлдү.

-Биз күнөскана тармагында иш алып барабыз. 2012-жылдан баштап тажрыйба топтоп жүрүп, ошол тажрыйбабызды бул жакта бөлүшөлү деп келип олтурабыз. Күнөскана тармагына кызыккан ишкерлердге күнөскананы салгандан баштап бүт баарын үйрөткөнгө даярбыз. Кийин сатканга да жардам беребиз. Биз менен иштешем дегендер аябай эле көп болду.

-Мен бүгүн «Белая река» деген сүт азыктарын кайра иштетүүчү ишкананын өкүлү менен жолугуп келишим түзөлү деп турабыз. Буюрса, бул кадамыбыз жакшы натыйжа берет деп ишенем.

ЖИА бизнес-ассоциациясы 2006-жылы Кыргызстандын ар кыл облусундагы демилгелүү жана идеялуу ишкерлердин артынан түзүлгөн. Учурда  ассоциацияда 1000дей мүчөсү бар. Ал эми Баткен облусунда 60тан ашуун ишкерлердин башын бириктирип, айыл-чарба, соода-сатык, тейлөө, өндүрүш тармагында иш жүргүзүп келет.

 

Copyright © 2017 Maral FM