Биз менен байланышыңыз

Көчөдөгү гүл

Блог | 15 Ноя 2018 | 1189 | 0

Мен кызды гүлгө окшотом. Гүлдү коргош керек. Гүлдү аярлап багып, бапестеп суу куюп азыктандыруу зарыл. Анан күндү сүйгөн гүл көлөкөдө өспөйт, көлөкөнү жактырган гүлдү күн ачуу тийген жерге өстүрбөгүлө. Алсырап, сабактары саргарып өлүп калат. Кызыгы гүл үйдөгү ызы-чууну жактырбайт. Жай, жакшы абалда гүл мыкты өсөт дешет. Андан да маанилүүсү, гүлдү көчөгө өстүрбөгүлөчү.

Мен үйдү курчап турган дубалдын сыртына айдалган гүлдү айтып жатам. Көчөгө тигилген гүлдөрдү көрүнгөн үзүп кетет. Жолдон өтүп бараткан торпоктор башын салып, кепшеп өткөнү аз келгенсип, жанына жампасын калтырып кете берет. Ары-бери өткөндөрдүн чаӊына ууккан көчөдөгү гүлдөрдүн көркү тез өчөт. Чирийт. Куурайт. Жок болот.

Мага бир студентим соӊку бир айдан бери бир нече ирээт келди. 21 жаштагы сулуу, назик кыргыз кызы.

– Эже чет өлкөгө барып иштешим керек болуп атат,-деди ал. Мен так кесе, кетпе дедим.

– Атам менен апамдын карызы көбөйүп кетти, куткарышым керек,- деди экинчи келгенде.

— Сени ким куткарат чет өлкөдө?-деп суроо койдум. Үчүнчү жолу келгенде чет жакка кетпей эле коёюн деген кызын урушуп кууп чыккан апасы менен атасынын жоругун уктум. Бул мени ойго салды. Эмнеге мынча кыздардын тагдырына жеӊил карап баратабыз. Кыз эртеӊки эне, эртеӊки улуттун сактоочулары. Эртеӊки мээрим баатырлары. Дүйнө мыктылары, «Өлкөнүн эртеӊин көргүӊ келсе, ошол жердин аялзатын кара»,- деген эмеспи? Кыргыз, «Кызга кырк үйдөн тыюу», «Кыз- конок, кызды сыйлагыла, коругула, аягыла»- деп айтпады беле.

— «Сулуулук дүйнөнү сактайт»,- деген макалды жакшы көргөнүмө карабай, сулууну дүйнө өзү эч качан сактай албастыгына нечен курдай күбө болгом. Чет өлкөгө жакыны жок чыгып кетип жаткан кыргыз кыздар- менин КӨЧӨГӨ тигилген ГҮЛдөрүмө окшош. Суранам, гүлдөрдү короонун сыртына тиге көрбөгүлө!..

 

Журналист, Жазгүл Жамангулова.

Copyright © 2017 Maral FM