Биз менен байланышыңыз

«Балдарым мен көргөн кордуктарды көрбөсө экен»…

Коом | 15 Ноя 2018 | 963 | 0

“Марал” радиосу “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фонду менен биргеликте “Элим барсыңбы” аталыштагы долбоорун баштаган. Программада фондго кайрылган үй-бүлөлөрдүн маселелерин чечүү жолун издейбиз. Берүүнүн бул жолку коногу Ооматкан Дүйшөмаматова.

Ооматкан айым 6 баланын энеси. Балдарын жалгыз тарбиялайт. Алардын төртөө Келечек жаңы конушундагы №87 орто мекепте билим алат. Дүйшөмаматова буга чейин соода тармагында алектенип келген. Бирок учурда эң кичүү баласы эки жашта болгондуктан иштей албайт. Ага карабай үй-бүлөнү багуу үчүн бошоп калса базар айланып кебез сатат. Тапкан акчасын батирдин ижарасына берет. Мындан сырткары балдарынын зарыл муктаждыктарын жоюга аракет кыларын айтат.

Кайдыгер карабаган жарандар (0708)58 05 96, (0551) 25 95 00 номуруна байланышып жардам бере алышат. Ошондой эле “Элим барсыңбы” кайрымдуулук фондунун 0772 00 20 15 номери аркылуу да көмөк көрсөтүү мүмкүн. Балдары үчүн окуу курал, кийим, үй жылытуу үчүн көмүр, азык-түлүк алып барып берсеңиздер болот.

— Мен турмушка чыкканда колунда жок үй-бүлөгө туш келдим. Көбүнчө азык-түлүк жагынан көп кыйналат элек. Жолдошум аракеч болуп кетти. Аракты таштасын деп көп аракет кылдым. Бирок майнап болбогонунан ажырашууга туура келди. Мурда жолдошум менен жашаганда ооруканаларды кыдырып наристелердин кийимин, оюнчуктарын сатчумун. Балдарым үчүн аракет кылууга шашам, алар эч кимден кем болбой өссө… Себеби менин атам кичинекей кезимде каза болуп калгандыктан өзүм интернатта чоңойгом. Мен көргөн кордуктарды балдарым көрбөсө экен (ыйлап).

Балдарыма мамлекет тарабынан 4 миң сомдой жөлөк пул алам. Анын да 3 миң сомун батирдин ижарасына берем. Электр жарыгы үчүн 500 сом төлөйбүз. Жөлөк пул турак жайга жеткенини дагы шүгүр кылам. Чоң уулум базарда араба түртөт, күнүнө 200-300 сом алып келет. Кээде 100 сом алып келгенде өкүнүп калат. Аны тамак-ашка колдонобуз. Үй-бүлөдө жети киши болгондуктан азык-түлүк көп кетет. Балдарыма мүнөздөрүнө карап мамиле кылам. Башкача айтканда, ар бирине өзүнчө маани берем. Алар дагы менин маанайыма карап турушат. Кээде бираз кыйнала түшсөм, “апа, сиз карыганча биз чоноюп калсак экен, эч жериңиз оорубасын” деп калышат. Кудайга шүгүр, балдарымдын тарбиясы жакшы. Аны көрүп “келечекте бакыйган байбиче болом” болом деп өзүмдү сүйүнтүп коём(ыйлап).

Мугалимдер балдарымдын аракети күч экенин айтышат. 5-класста окуган уулум боксчу болууну самайт. “Азыркы кыйынчылыктарды унутуп калышыңыз үчүн мен батыраак чоңойсом экен. Мектепте классташтарымдын көпчүлүгү бокс боюнча машыгууга барат. Мен да барсам болобу? Чоңойгондо мелдештерге катышып Кыргызстандын желегин көтөргүм келет” десе, «Кудайым тилегиңе жеткирсин» деп атып гана кала берем. Уулумду машыгууга жөнөтүш үчүн да каражат керек. Ал эми 3-класстагы кызым жакшы сүрөт тартат. Аны колдоп «келечекте дизайнер болосуң» деп коём. 4-класстагы кызым болсо балерина болгусу келет. Балет тууралуу мультфильм көрүп калса, каармандарга кошулуп бийлейт. Жолдошум ичип келгенде мага кол көтөрөт эле. Аны көргөн чоң кызым: “Чоңойгондо милиция болом, атама окшогондорду кармайм, сиздей аялдарга жардамым тийсе»,-деп калат.

Copyright © 2017 Maral FM