Биз менен байланышыңыз

Төрага Өзбекстандын Олий мажлисинин төрагасы менен жолукту

Кыска кабар | 15 Ноя 2018 | 531 | 0

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Өзбекстандын Олий мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Анда төрага Дастанбек Жумабеков мындан аркы кызматташууда кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүгө, бекемдөөгө күч жумшаларын белгиледи. Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чараларды өткөргөндүгү, Ош шаарында ачкан мектеби үчүн Өзбекстан тарапка ыраазычылыгын билдирди.

Өзбекстандын Олий мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылыгын айтты. Мамлекеттер ортосундагы экономикалык, саясий, маданий кызматташтыктын аркасы менен эки тараптуу алака чыңдалып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, төрага Дастанбек Жумабеков аны 20-21-ноябрда Түркиянын Измир шаарында өтө турган ТҮРКПАнын 8-жыйынына катышууга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM