Биз менен байланышыңыз

Кызыл-Булактыктар айыл үчүн жылына 1 млн сомдук колдоо көрсөтөт

Айылдан сүйлөйбүз | 15 Ноя 2018 | 14397 | 0

«Марал» радиосунун «Айылдан сүйлөйбүз» программасынын бул жолку чыгарылышында Кадамжай районуна караштуу Кызы-Булак айылынын тургундарынын Аймактарды өнүктүрүү жылына карата өз демилгеси менен ишке ашырган долбоорлору тууралуу сөз кылдык. Берүүнү Түмөнбай Абдинаби уулу алып барды.

Мектептин директору Артыкбүбү Макамбаева:

— Мектептин сырткы абалы начарлап кеткен болчу. 2018-жылы айыл өкмөт тарабынан каражат бөлүнүп имараттын сырты толугу менен капиталдык оңдоодон өттү. Мындан сырткары Кызыл-Булак айлынын Орусиядагы жаштар коому тарабынан акча каралып имарат ондолду. Ошондой эле мектепти интернетке туташтырдык, видеокөзөмөл дагы орноттук. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жардамы менен окуу жайдын дарбазасын алмаштырдык. Мектеп 3 кабат болгону менен ашкана жок. 2014-жылы Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына катыштык. Биздин шартыбыз жок болсо да ата-энелер жакшы жардам беришти. Биринчи кабаттагы фаени бөлүп ашканага ынгайлаштырдык, суу киргиздик. Азыр балдарга 5 күн ысык тамак берилет. Бирок мектепте спорт, жыйын залдар жок. Иш-чараларды көп өткөргөндүктөн муктаж болот экенбиз. Камкорчулар кеңеши жакындан жардам берет, керектүү нерселерди сатып алып беришет. Демөөрчүлөрүбүз да бар.

Кызыл-Булак фондунун төрагасы Зулпидин Нурматов:

— Биздин фонд 2012-жылы түзүлгөн. Фонддун ишмердүүлүгү ортодо бираз солгундай түштү. Мындан улам 2017-жылы Орусияда иштеп жүргөн айылдаштардын башын бириктирип кайрадан түздүк. Жакшылык-жамандыкта колдоо көрсөтүп, айылдагы социалдык маселелерге көңүл буруп турабыз. Мектептин, бала бакчанын директорлорунан көйгөйлөрдү жоюу боюнча сунуштар келет. Биздин фонддо 28 адамдан турган жумушчу топ кеңешип, көпчүлүк макулдугун берсе сунушталган ишти аткарабыз. 2018-жылдан бери бир мектепке терезе сатып бердик, дагы башка окуу жайдын ажатканасын оңдодук. Айылдагы көпүрөнү ондоого 60 миң рубль бөлдүк. Мындан сырткары Орозо айларында жакыр ар бир үй-бүлөгө 3 миң сомдук азык-түлүк беребиз. Ал эми кышка карата 13 түтүндү көмүр менен камсыздадык. Мындай иштерибиз көп. Алсак, ФАПтын полун алмаштырдык, айылды жарыктандырдык. Бир жылда айыл үчүн 1 млн сомдой каражат сарптап жатабыз. Орусияда эмгектенген айылдаштар ай сайын 300 рублдан которот. Бир айда 50-60 миң рубль чогулат. Аны сарамжалдуу пайдаланабыз, фонддун мүчөлөрүнө отчет берип турабыз. Мындай жакшы жөрөлгөнү улантабыз. Биздин өзүбүздүн мыйзамдарыбыз бар. Айылдан бирөө «Орусияга келип иштейм» десе биз учакка билет алып беребиз. Мигрант айылдашыбыз каза тапса фонддон анын үй-бүлөсүнө 20 миң рубль бөлөбүз.

Айылдык кеңештин депутаты Арапбай мырза:

— Быйыл фонддордун, мигрант жердештерибиздин жардамы менен биргеликте жакшы иштерди кылдык. Алсак, бир мектепти интернет менен камсыз кылдык. Жакыр 13 үй-бүлөгө көмүр алынып берилди. Мындан сырткары, ФАПка да колдоо көрсөтүлдү. Аймактарды өнүктүрүү жылына карата аз да болсо өз салымыбызды коштук. АРИСтин колдоосу менен чабандар үчүн 3 чоң короо салынды. Аткарылган иштердин басымдуу бөлүгү “Кызыл-Булак” жана “Молдо Нияз” фонддорунун унун эсебинен каржыланды. Датацияда турган айыл өкмөт болгондуктан ишканалар жок. Жер аянттарыбыз да аз. Республикалык денгээлде чечилчү маселелер бар. Алсак, мекепке муктажбыз. Аман Жалилов атындагы башталгыч мектепти дагы оңдошубуз керек. Анткени көмүр менен жылытылгандыктан кыйынчылыктар көп. Ошондой эле, Тамаша айылында таза суу, сугат маселелери бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM