Биз менен байланышыңыз

Бокс боюнча Кыргызстан чемпиондугу башталат

Кыска кабар | 14 Ноя 2018 | 657 | 0

15-ноябрда Бишкек шаарында бокс боюнча Кыргызстан чемпиондугу башталат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Чемпиондук Кожомкул атындагы спорт ордосунда чоңдор арасында өтөт. Ага Бишкек жана Ош шаарларынын, жети облустун мушкерлери катышып, күч сынашат. Мелдештин талабына ылайык таймаш төмөнкү салмактык категорияларда болот.

Эркектер үчүн: 46-52 кг, 57 кг, 63 кг, 69 кг, 75 кг, 81 кг, 91 кг, 91 килограммдан жогору;

Кыз-келиндер үчүн: 45-49 кг, 57 кг, 64 кг, 69 кг, 75 кг салмакта болот.

Мелдеш жалпысынан 4 күнгө созулуп, 18-ноябрь күнү жыйынтыкталат.

Copyright © 2017 Maral FM