Биз менен байланышыңыз

Бишкекте батирдин салыгын төлөбөгөндөргө рейд жүргүзүлдү

Кыска кабар | 14 Ноя 2018 | 587 | 0

Бишкек шаарынын Свердлов районунда батирдин салыгын төлөбөгөндөргө рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Рейдди жүргүзүүдөн алдын батирин ижарага бергендердин маалымат базасы түзүлгөн. Свердлов районунун акими Самарбек Болотбековдун айтымында, администрация домкомдордон канча үй батирге берилерин тактап, маалыматтарды салык инпекциясына тапшырган.

Батирин ижарага берүүчүлөрдүн тизмеси 1-декабрга чейин аныкталышы көздөлөт. Салык кодексине ылайык, батирдин ээси патент алып, салык төлөшү керек.

Анткени ал батирин ишкердик максатында колдонуп жатат. Аны төлөбөгөндөргө мыйзамдын негизинде чаралар көрүлөт деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, Бишкектин мэри Азиз Суракматов соңку жыйында шаар бюджетинин киреше бөлүмүн толтуруу тапшырмасын койгон. Учурда 148,4 млн сом өлчөмүндөгү салык төлөнө элек.

Copyright © 2017 Maral FM