Биз менен байланышыңыз

Тил комиссиясы мугалимдерге сыйлык тапшырды (тизме)

Кыска кабар | 14 Ноя 2018 | 838 | 0

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия мугалимдерге сыйлык тапшырды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Сыйлык мамлекеттик тилди насыйкаттоодо ийгиликтерди жаратып, тилдин өнүгүшүнө зор салым кошкон мугалимдерге берилди.

Ага ылайык төмөндөгүлөргө “Кыргыз тили” төш белгиси тапшырылды:

  1. Оторбаев Болот – Ж.Баласагын атындагы КУУнун Филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасынын окутуучусу, педагогика илиминин кандидаты;
  2. Өскөналиев Нарынбек – Бишкек шаарындагы Герман Гмайнер окуу-тарбия комплексинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
  3. Мукамбетова Айгүл – И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекетик тил жана адабият институтунун окутуучусу, филология илиминин доктору;
  4. Жунушова Зууракан – Чүй областынын Панфилов районунун Күрпүлдөк айылындагы орто мектептин кыргыз тили мугалими;
  5. Жукаева Жыргал – Бишкек шаарынын №4 кесиптик лицейинин кыргыз тили мугалими;
  6. Осмонбекова Махабат – Бишкек шаарындагы Октябрь районунун №91 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили мугалими;
  7. Осмоналиева Жаркынгүл — Бишкек шаарындагы Ленин районунун №49 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили мугалими;

Аны менен катар Окуу-маалымат борборунун усулчусу Раиса Турукменовага “Ардак грамота” ыйгарылды.

Copyright © 2017 Maral FM