Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик тил комиссиясы үндү текстке айланткан аппарат иштеп чыгат

Кыска кабар | 2 Июл 2021 | 698 | 0

Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаевди кабыл алды.

Алар өлкөдө жана мамлекеттик органдарда мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруудагы көйгөйлөрдү, ошондой эле Улуттук комиссиянын алдыга койгон пландарын талкуулашты.

Сыртбай Мусаев Улуттук комиссиянын макамы төмөндөтүлүп, түзүмү кыскартылып, каржылоо азайып, борборлоштурулган уюштуруучулук, көзөмөлдүк жана пландуу иштин жоктугунан улам кийинчерээк мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруу кыйындаганын айтты.

Ошондой эле ал мамлекеттик тил саясатын жайылтуу иштерин уюштуруу жана жүргүзүү боюнча алдыга коюлган максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууга дагы бир катар көйгөйлөр тоскоол болуп жатканын кошумчалады.

Улуттук комиссиянын төрагасы ошондой эле пландары, анын ичинде мамлекеттик тилди санарипке өткөрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу зарылдыгы жөнүндө айтып берди. Бул долбоордун алгачкы этабында текстти үнгө айлантуучу, экинчи этабында үндү текстке айландыруучу программалык аппарат иштелип чыгат.

Мамлекет башчысы тил саясатын өркүндөтүү боюнча конкреттүү чараларды көрүү зарылдыгына токтолуп, мамлекеттин ички саясатынын негизги багыттарынын бири мамлекеттик тилди колдоо, сактоо жана өнүктүрүү экенин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле Президенттин администрациясында, Министрлер кабинетинде, Жогорку Кеңеште жана бардык мамлекеттик органдарда иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн текшерүү жана анын жыйынтыктарын коомчулукка билдирүү боюнча Улуттук комиссиянын ишин күчөтүү зарылдыгын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM