Биз менен байланышыңыз

«Ыйык Ата-Журт» фонду мугалимдерге мастер-класс уюштурду

Кыска кабар | 14 Ноя 2018 | 1184 | 0

Жалал-Абад шаарында “Ыйык Ата-Журт” коомдук фонду мугалимдерге эки күндүк мастер-класс уюштурду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага жогорку окуу жайлардын мугалимдери, облус аймактарындагы мектептердин мугалимдери болуп, жалпысынан 68 адам катышты.

Мастер-классты Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлү (ЦООМО) Бурул Шамбаева, “Жайлоодогу өнүгүү борборлору” долбоорунун координатору Асылбек Жоодонбеков өттү.

Иш-чарада окутуунун интерактивдүү усулдары, мугалимдердин педагогикалык чеберчилигин арттыруу, Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу маселелери каралды. Жыйынтыгында катышуучуларга сертификат берилди.

Copyright © 2017 Maral FM