Биз менен байланышыңыз

Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин системасы реформаланат

Кыска кабар | 13 Ноя 2018 | 740 | 0

Бүгүн, 13-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков балдар үйлөрүн жана интернат тибиндеги мекемелердеги системаны реформалоо боюнча эксперттик топтун орун басары Назгүл Турдубекова менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Анда эксперттик жумушчу топтун ишмердигинин натыйжалары, алардын өкмөткө даярдаган сунуштары талкууланды. Назгүл Турдубекованын айтымында, 3 айдын ичинде жумушчу топ балдар үйлөрүндөгү жана интернаттардагы абалды, кандай себептер менен балдар бул мекемелерге барып калгандарын талдаган.

Ошондой эле баланын өз үй-бүлөсүндө же багып алган үй-бүлөдө, үй-бүлөлүк типтеги үйлөрдө жашоосуна шарт түзүп бере алган жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин тажрыйбасы изилденген.

Өкмөттүн 2018-2028-жылдары үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо планы интернат тибиндеги жаңы балдар мекемелерин ачууга мораторий киргизүүнү камтыйт.

«Бир да бала реформаларды жүргүзүүдө запкы көрүп калбашы зарыл, ар бир баланын тагдыры баалуу жана маанилүү. Реформаны ишке ашыруу дайыма менин көңүл борборумда болот», — деп белгиледи президент.

Эске салсак, эксперттик топ 2018-жылдын 27-июлунда түзүлгөн. Ал коомдук уюмдардын, эксперттик коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM