Биз менен байланышыңыз

Дарыгерлер министрликтин алдына митингге чыгышты

Кыска кабар | 13 Ноя 2018 | 771 | 0

Бишкек шаарында бир топ дарыгер митингге чыгышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомчулук менен байланыш боюнча адиси Елена Баялинова фейсбукка жазды.

Анын айтымында, дарыгерлер үй-бүлөлүк медицина борборлорун оптимизациялоо ишине каршылыгын билдирип жатышат. Себеби алар терапевт, педиатр, гинеколог адистерин үй-бүлөлүк дарыгерликке окутуп жатканына нааразы.

Кыска мөөнөттө, 8 айда гана үй-бүлөлүк дарыгер болуп чыгуу мүмкүн эместигин, тиешелүү эмес дарыгерлер жаш балдарды жана улгайгандарды караганга жөндөмдүү болбой турганын билдиришти.

Аны менен катар министрлик убада кылгандай маянанын жогорулаганы байкалбаганын белгилешип, индикатордук баалоо системасы киргизилип, андагы 100 упайды алуу талаптары оор болуп калгандыгын айтышты.

Copyright © 2017 Maral FM