Биз менен байланышыңыз

Санкциялар: Орусиядан чыгарып кеткен акча үч эсе көбөйдү

Дүйнө | 13 Ноя 2018 | 575 | 0

Ушул жылдын январь-сентябрь айларына карата Орусиядан сыртка чыккан акчанын көлөмү өткөн ушул убакыт аралыгына салыштырмалуу үч эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук банкы билдирди.

Мындай көрүнүшкө орусиялык банктардын сырткы карыздарын төлөө үчүн жөнөткөн акчалары менен бирге акыркы кездердеги санкциялык эскертүү-коркутуулар себеп болууда.

“Санкциялардын күчөшү менен кунун жоготкон рубль жана керектөөчүлөрдүн этият мамилеси инвесторлорду кооптонтууда. Алар мүлкүн өлкө аймагынан коопсуз жерге алып чыгып кетүүгө мажбур болушууда”,-дейт “Уралсиб” банкынын жетекчиси Алексей Девятов билдирди.

Кошумчалай кетсек, 2014-жылы Крымдын Орусияга өтүшү менен башталган санкциялар орус экономикасына абдан чоң таасирин тийгизип, финансылык кризиске алып келди. Мында улам бул жылы сыртка чыгып кеткен инвесторлордун акчасынын суммасы 42,2 миллиард долларга барабар болгону маалымдалды.

Copyright © 2017 Maral FM