Биз менен байланышыңыз

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу жабылды

Кыска кабар | 13 Ноя 2018 | 484 | 0

Бүгүн, 13-ноябрь күнү таңкы саат 06:00 чамасында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 75-76-чакырым аралыгында 6 миң куб метр кар көчкү түшүп, жол жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Көчкүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Тийиштүү техникалар тартылып, жеринде кар көчкүнү тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, ушул күндөрү өлкөдө туруксуз аба ырайы сакталууда. Көпчүлүк аймактарда кар жаап, абанын табы -10…-15° суук болууда.

Copyright © 2017 Maral FM