Биз менен байланышыңыз

Канаданын чалгын кызматы Хашокжинин өлүмү боюнча жазылган үндөрдү иликтеди

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Ноя 2018 | 586 | 0

Канаданын атайын кызматы Стамбулда киши колдуу болгон журналист Хашокжинин окуясы боюнча дисктерди иликтөөгө алды. Бул тууралуу өлкөнүн премьер министри Жастин Трудо журналисттер менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Трудо ал үндөрдү өзү укпаганын бирок окуянын жүрүшүнөн кабардар экенин кошумчалады.

“Париждеги жыйналышта түрк президенти Тайип Эрдоган менен кыска сүйлөшүүбүз болду. Мен ага аталган иште көрсөткөн жигердүүлугү үчүн ыраазычылык билдирдим”,-деди премьер-министр.

Эске салсак, Түркия мамлекет башчысы Тайип Эрдоган өткөн жуманын аягында аталган кылмыш боюнча жазылган үндөрдүн жана видеолордун дискин бир катар өлкөлөр менен бөлүшкөнүн жарыялаган болчу. Анда журналисттин өлүмү мурда пландалып, белгилүү бийлик өкүдөрүнүн катышын далилдеген фактылар бар экенин маалымдаган.

Copyright © 2017 Maral FM