Биз менен байланышыңыз

Кадырбеков: Атамбаев жаңы кадрлар менен чыгышы мүмкүн

Пикирлер | 12 Ноя 2018 | 645 | 0

«КСДП кайра түзүлүшү керек.» Мындай пикирин саясатчы Ишенбай Кадырбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, КСДПдагы көчмө саясатчылар башка жакка көчүп кетишкен. Алар жөн кетпей, партияны талкалап кетүүнү көздөшүүдө.

«Бирок партия лидери Алмазбек Атамбаев кыйын саясатчы. Анын партияны кармап турууга каражаты да, ЖМКлары да бар. Ал жаңы команда түзүүгө аракет жасап жатат. Андыктан Атамбаев жаңы кадрлар менен чыгышы мүмкүн. Айтор, 2020-жылы катуу тиреш болот. Бул жерде шайлоочулар акчага сатылбай, партиялардын бүгүн жасап жаткан иштерине баа берип добуш бериши керек», — дейт Кадырбеков.

Ал көчмө саясатчылар «жылуу орун» табууну көздөрүн, аларды партиянын келечеги кызыктырбай турганын белгиледи.

«КСДПда өсө турган кадлар көчүп кетти. Жогорку Кеңеш бир заматта 180 градуска бурулуп кеткенин байкап калдык. Ал эми президентке да жакын туугандарынын тиешеси бар. Аны бийликке алып келген күчтөр таасир этет. Эгер партия күчтүү болуп, көчмө саясатчы жок болсо анда анын келечеги болот», — дейт Кадырбеков.

Copyright © 2017 Maral FM