Биз менен байланышыңыз

Кадырбеков: Бекназаров президент менен Атамбаев элдешпешин жакшы билет

Пикирлер | 12 Ноя 2018 | 584 | 0

Саясатчы Азимбек Бекназаров экс-президент Алмазбек Атамбаев менен өлкө башчы Жээнбековду элдештирүүгө жакшы аракет кылып жатат. Бирок Бекназаров алар элдешпей турганын жакшы билет. Мындай пикирин саясатчы Ишенбай Кадырбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ар бир саясатчы популист болуп, элге өзүн жакшы жагынан көрсөтүүгө аракет кылат. Бекназаров — кыйын саясатчы. Ал өлкөдө ынтымак болсун деп Кыргызстандын дагы келечегин ойлоп жатат.

Кадырбеков ар бир иште аракет кылуу зарыл экенин белгилеп, Бекназаровдун аракетине жакшы баасын берерин айтып өттү.

Буга чейин 24-ноябрда өтчү курултайда өлкө башчынын 1 жылдык, ал эми Атамбаевдин 6 жылдык ишине саясий, коомдук баа берилери айтылган.

Бирок Кадырбеков президенттин ишине бир жылдык баа берүүнү туура эмес деп эсептейт.

«Эгер өлкө башчы бийликке жаңы колмандасы менен келсе, 1 жылда анын жасаган иштери тууралуу отчёт алууга укуктуу болмокпуз. Тилекке каршы, Жээнбеков Атамбаевдин командасы менен иштеп калды. Президент 2-3 жыл кадрларды тазалоо процесстери менен иштейт. Ал өтө оор. Баарын тазалап, эми иштейин дегенде президенттик мөөнөтү бүтүп калат. Жээнбековдун кадрлары жок, анткени ал КСДПдан чыккан. Андыктан кадрларды даярдоо партиянын милдети болуп калат. Эгер президент кадрларды даярдайм десе, КСДПдан чыгарып салышмак. Анын үстүнө Атамбаев Жээнбековго кадр даярдоого мүмкүнчүлүк бермек эмес», — дейт Кадырбеков.

Ал бийликке келген адамдын кадрдык системасы болушу керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, 24-ноябрда саясий жана жарандык коом тарабынан уюштурулган республикалык курултай өтөт. Анда өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 6 жылдык ишине саясий, коомдук баа берилет. Иш-чарага бир топ партия лидерлери, депутаттар, экс-спиркерлер, мурдагы премьер-министрлер катышары күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM