Биз менен байланышыңыз

Телефонуңуздун «өмүрүн» кыскарткан 10 ката

Кыска кабар | 12 Ноя 2018 | 4290 | 1

Азыркы учурда смартфон колдонуу кадыресе көрүнүшкө айланып калды. Көчөдө, коомдук транспортто, окууда, жумушта да телефонун карап отургандарды көрүүгө болот. Чоң суммадагы акча коротконуңузга карабай, телефонуңуздун өмүрүн кыскартчу катачылыктарды анчейин биле бербешиңиз турган иш. Changeua агенттиги аларды тизмектеп чыккан.

  1. Сиз уюлдук телефонуңузду эч качан өчүрбөйсүз

Көпчүлүк телефонун жок дегенде жумасына бир жолу өчүрүп туруу керектигин биле беришпейт. Адистер мындай ыкма анын аккумуляторунун көпкө чыдашына себеп болорун айтышат.

Ошондой эле телефонду ойготкуч катары колдонуу сунушталбайт. Эгер сиз кадимки саатты эле сатып алып колдонсонуз, гаджетиңиз сизге “рахмат айтат”.

  1. Сизде Wi-Fi жана Bluetooth дайым ачык болот

Колдонбогон функцияларды дароо өчүрүп жүргөнүңүз туура. Бул телефондун кубатын үнөмдөп, аккумлятордун көпкө кызмат кылуусун шарттайт.

  1. Аба ырайы катаал шартта болгонуна карабай, аны колдоно бересиз

Чынында, эч кайсы телефон аба ырайы катаал болгон учурда колдонууга ылайыкташкан эмес. Мындай абалда аны иштетүү аккумуляторунун алсыздашына алып келет. Эгерде абанын табы 30 градустан жылуу же -20дан суук болсо, аны чөнтөгүңүздө, баштыгыңызда эле алып жүрүүңүз туура болот.

  1. Сиздин телефонуңуз түнү бою кубатталып турат

Адистер телефондун кубатын 100%га жеткирүү зыян экенин айтып келишет. Сиз кубатын толтурууда көп дегенде 95-96 пайызга жеткириңиз. Ушул негиз менен караганда, аны түнү бою токко сайып коюу ката болуп саналат.

  1. Кубатынын 0%га жетишин күтүп отурасыз

Акыркы кезде дээрлик бардык телефондорго колдонулган литий-иондук аккумуляторлор кубатынын көрсөткүчү 50–80% болуп турганда жакшы иштейт. Бул маалыматты Farbe Technik компаниясынын негиздөөчүсү Шейн Броески ырастайт. Ошол себептен кубаты толугу менен түгөнүшүн күткөнүңүздү негизсиз деп койсок боло берет.

  1. Сапатсыз кубаттагычты колдоносуз

Бул бардык телефон колдонуучуларында, айрыкча IPhone көтөргөндөрдө кездешкен катачылык. Буга сапаттуу кубаттагычтын кымбаттыгы себеп болуусу мүмкүн. Ошого карабастан сиз ага кайыл болуп, кымбатын сатып алганга аракет жасаңыз. Анткени арзан сатылгандары бара-бара телефонуңузду алсыздандырары турган иш. Телефон жарылып кеткен учурларды угуп эле жүрсөңүз керек. Ошондой учурлар сапатсыз кубаттагычтын айынан болору да эсиңизде болсун. Эң жакшысы, ал тобокелчиликтен оолак болуңуз.

  1. Телефонуңузду эч качан тазалабайсыз

Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө бактериялар унитазга караганда телефондо көп кездешери аныкталган. Мисалга алсак, Apple компаниясы өзүнүн колдонуучуларына телефонду жумшак чүпүрөк менен тазалап турууну сунуштайт. Атайын каражаттарды колдонуп, же болбосо, спирт менен тазалап турганыңыз оң.

Кубаттагычка туташа турган жердеги тешикчени тазалоону унутпаңыз. Ал жерге чөнтөгүңүздөн майда нерселер кирип калып, туташууда маселе жаратышы мүмкүн. Тиш тазалагычты же ийнени колдонсоңуз болот.

  1. Көчөдө да телефонуңузду колго кармап жүрөсүз

Американын байланыш боюнча федералдык кызматынын маалыматында, көчөдөгү уурулуктун 40 пайызын Iphone уурдоо түзөрү айтылган. Ошол себептүү телефонуңузду колго кармап жүргөнүңүз кооптуу экени эсиңизде болсун.

  1. Телефонуңузга сырсөз койбойсуз

Экраныңызга ар дайым коопсуздук кулпусун орнотуп жүрүңүз. Кокустан бирөө уурдап алса, сиздин маалыматтарды көрүп, же сиз колдонгон тиркемелер аркылуу электрондук капчыгыңыздагы акчаларды которуп алуусу мүмкүн.

  1. Сиз бардык эле тиркемелерге геолокация функциясын колдонууга уруксат бересиз

Сиз мындай “берешендигиңиз” менен телефонуңуздун өмүрүн кыскартып жатканыңызды унутпаңыз. Анткени бул функция кубатты бат түгөтүп, аккумулятордун жарамдуулук мөөнөтүн эки эсеге кыскартат. Ошол үчүн геолокацияны абдан керек учурда гана колдонууну сунуштайбыз.

 

1 пикир

1 пикир

  1. Гүлкан

    04.02.2019 23:05

    Жакшшы пайдалуу кенештер мага жетиштүү ыраазымын рахмат.силерге ден солук ишинерге ийгилик.түнүнөр бейпил болмун.Алматыда Бишкектин Симфониялык Оркестрдин концертин белгилүү Маестронун жеке конц.жөнүндө эмнеге информация жок.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM