Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Маяна индикатордук баалоонун негизинде берилет

Кыска кабар | 12 Ноя 2018 | 643 | 0

Өлкөдө 2018-жылдын 1-октябрынан тарта үй-бүлөлүк жана жалпы практикалык дарыгерлерге маяна индикаторлук баалоонун негизинде бериле баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Анда бир ай аралыгында эң мыкты жыйынтыкты Ысык-Көл жана Ош облусунун дарыгерлери 70 упайдан көп алып көрсөткөн. Министрликтин каржы башкармалыгынын билдиришинче, азырынча аларга маянасы бериле элек.

Дарыгерлерге индикаторлук баалоонун негизинде маянанын туура берилишин Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду камсыздайт.

Copyright © 2017 Maral FM