Биз менен байланышыңыз

Бишкекте “Айтматов жана театр” эл аралык фестивалы өтөт

Кыска кабар | 11 Ноя 2018 | 791 | 0

Бишкекте 12-17-ноябрь күндөрү «Айтматов жана театр» эл аралык театр фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кыргыз улуттук драма театрынын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага Казакстан, Орусия, Тажикстан, Азербайжан өлкөлөрүнүн театрлары жана өлкөдөгү бардык театрлар катышат. Алар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жазылган спектаклдерди тартуулашат.

Белгилей кетсек, театр фестивалы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM