Биз менен байланышыңыз

Актан Рыскелдиев: Үйдө акчаны аялым кармайт

Кезектеги «Желе шоу» программабыздын коногу Актан Рыскелдиев кызыктуу маек куруп берип, угармандардын маанайын көтөрдү. Ал аялынын кыйындыгын баса белгилеп, акчаны аялы кармай тургандыгын айтты.

«Үйдө акчаны аялым кармайт. Анткени мен жалкоомун, акчаны аларым менен тамакка, кийимге чачып салам.  Аялым болсо тыкырайып кармайт. Мага караганда тарс-тарс жүрөт. Негизи эле кыргыздын айымдары кыйын болушат. Мисалы, менин аялым биринчи баламды өзү эле алып барып сүннөткө отургузуп, экинчи баламды өзү эле барып төрөп койгон,» — дейт таланттуу мырза.

 

Copyright © 2017 Maral FM