Биз менен байланышыңыз

Австрияда орусиялык тыңчы кармалып, ТИМ Москвага болчу сапарын токтотту

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Ноя 2018 | 645 | 0

Австрияда өлкөнүн күч түзүмдөрүндө иштеп, эс алууга чыккан 70 жаштагы полковник Орусиянын кызыкчылыгы үчүн тыңчылыкка шектелип кармалды. Австриянын коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, ал 20 жылдан ашуун убакыттан бери өлкөдөгү жогорку макамдагы аскер башчылар, күч түзүмдөрүндөгү кабарлар жана миграциялык иштер тууралуу маалыматтарды берип келген. Учурда коопсуздук кызматы анын компьютер жана башка буюмдарын тинтүүгө алып, изилдөө жүргүзүп жатат.

Буга байланыштуу 2-декабрга белгиленген Австриянын Тышкы иштер министри Карин Кнайслдын иш сапары токтотулду. Канцлер Себастян Курц орус тараптын бул тыңчылык иши далилденерин айтып, кечирилгис ката деп сыпаттады. «Орусиянын Евробиримдиктин аймагындагы тыңчылыгы абдан одоно иш. Бул жөн калбашы керек», — деп билдирди Курц.

Бул окуя боюнча Австриядагы орус элчилиги да, Кремль да тараптардын талаптарына карабастан үн катышкан жок.

Эске сала кетсек, Австрия Орусия менен жакшы мамиледеги европалык бир нече гана мамлекеттердин бири болчу. Карин Кнайслдын август айында өткөн үйлөнүү тоюна Орусиянын лидери Владимир Путин катышып, аны менен бийлеген болчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM