Connect with us

Жалал-Абадда журналист кызды бычакташты

Кыска кабар | 9 Ноя 2018 | 1105 | 0

YouTubeтагы Malina.TV каналынын алып баруучусу Санрабия Сатыбалдиева бычакталды. Бул тууралуу “Маралдын” Жалал-Абад облусу боюнча кабарчысы Кабылбек Көчкөнбай уулу билдирди.

Алдын ала маалыматка ылайык, журналист кыз үйүнөн чыгып баратканда белгисиз бирөө ага бычак менен кол салган. Ал учурда ооруканада. Жарааты жеңил экени айтылды.

Журналист YouTubeтагы каналын жакында эле ачкан. Ага чейин ЧолпонТВ деген каналда иштеп келген.

Окуя боюнча кошумча маалыматтар берилет.

Copyright © 2017 Maral FM