Биз менен байланышыңыз

Ташкентте “Делбирим” тасмасынын премьерасы болот

Кыска кабар | 9 Ноя 2018 | 963 | 0

16-ноябрда Ташкент шаарында Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган «Сарвқомат дилбарим» тасмасынын премьерасы болот. Бул тууралуу “УзА” маалымат агенттиги жазды.

Тасманы Кыргызстандын жана Өзбекстандын киноматографтары биргелешип тартышкан. Аны менен катар “Республикалык кино ижара борбору”, “Узбеккино” улуттук агенттиги да колдоо көрсөткөн.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” чыгармасынын негизинде тартылды.

Иш-чарага Кыргызстандын элчилигинен, эл аралык уюмдардан өкүлдөрдүн, киноматографтардын катышуусу күтүлөт. Тасманын презентациясынан мурда маалымат жыйыны өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM