Биз менен байланышыңыз

Жол кырсыгынан бир адам каза болуп, 9 адам жараат алды

Кыска кабар | 9 Ноя 2018 | 550 | 0

Бишкек-Ош жолунунун 554-чакырымында эки автоунаа кагышты. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Анда Жалал-Абаддан бараткан “Тойота Ипсум” үлгүсүндөгү унаа менен карама-каршы багыттан келе жаткан “Шевроле Ласетти” унаасы кагышкан. “Тойота Ипсум” унаасында 6 адам, ал эми экинчисинде 4 адам болгон.

Кырсыктан улам бир адам каза болуп, жараат алган 9 адам Базар-Коргондогу ооруканага жеткирилген. Учурда иликтөө иштери уланып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM