Биз менен байланышыңыз

Муфтий Нарындагы мечиттин ачылышына катышты

Кыска кабар | 9 Ноя 2018 | 599 | 0

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Ак-Талаа районундагы Абу Бакр ас-Сыддык мечитинин ачылышына катышты. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага Ак-Талаа районунун акими Нурбек Молдокадыров, Нарын районунун акими Семетей Черикбаев, облустун казысы Мамбетасан ажы Ибраев да катышты.

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев элди достукка, биримдикке, жаштарды туура тарбиялоого, улууларды сыйлоого чакырды.

Мечит Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын демөөрчүлүгү менен курулган.

Copyright © 2017 Maral FM