Биз менен байланышыңыз

Түркия: Кендирди кескен куру доомат

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Ноя 2018 | 830 | 0

Түркияда дарыгерлерге жана башка мамлекеттик кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө байланыштуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, межлис тарабынан кабыл алынды. Ага ылайык, мурун-кийин сот ишине аралашып, кандайдыр бир кине менен айыпталгандар мамлекеттик кызматка кире алышпайт.

Бул мыйзам Түркиядагы миңдеген дарыгерлер менен мамлекеттик кызматкерлердин тагдырына балта чапты. Анткени 2016-жылы уюштурулган төңкөрүш оюнунан кийин эсепсиз кызматкерлер дин аалымы Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар делип кызматынан кол жууп, камалып кетишкен. Дээрлик басымдуу бөлүгү сот-сураксыз, өзүнө тагылган айыптан кабары жок эле жазага тартылышкан.

Эми жогорку окуу жайды бүтүрүп, кызматка дайындаларын күтүп жаткан миңдеген бүтүрүүчүлөр да тууганы же башка бир жакыны “террор уюму менен байланышкан ишканаларда иштеген” деген жүйө менен ишсиз калышкан. Кээ бирлери аталган компанияларды билбей турганын айтышууда. Ал эми иштеп жаткан кызматкерлерден прокуратурага негизсиз караланып жатканы тууралуу арыздар келип түшкөн. Алар иш жеринде кээ бир адамдар тарабынан «Фетхуллахчы» делип караланып жатканын айтышкан.

Эске салсак, 2016-жылы Түркия бийлиги “аскердик төңкөрүш аракети” деп атаган жаңжал чыгып, 250 чамалуу адам набыт болгон. Чуу чыгары менен өлкө бийлиги мунун диний ишмер Фетхуллах Гүлен тарабынан уюштурулганын жарыялап чыккан.

Бирок аалымдын муну кескин түрдө четке какканына карабастан, анын айткан пикирлери менен ачылган 1200дөн ашуун билим берүү мекемеси,  жүздөгөн медиа булагы жана миңдеген бизнес ишканалары басылып алынып, түрдүү тараптарга берилген. Аны менен байланышы бар делген жүз миндеген мамлекеттик кызматкер, арасында жүздөгөн академик, профессорлор ишинен кол жууп, коомдон четтетилген.

Бул эл аралык коомчулуктун каршылыгына кабылып, Түркиядагы саясий абалды диктатура катары сыпатташкан.

Copyright © 2017 Maral FM