Биз менен байланышыңыз

ЖККУнун коопсуздук кеңешинин декларациясы кабыл алынды

Кыска кабар , Сүрөт | 9 Ноя 2018 | 1006 | 0

Жамааттык коопсуздук  жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекет башчылары 8-ноябрда Астана шаарында жамааттык коопсуздук кеңешинин  декларациясына кол коюшту.

Анын ичинде төмөнкү документтер камтылган, алар:

-“Эл аралык террористтик уюмдар тарабында куралдуу кагылыштарга катышкан адамдарга карата координацияланган чаралар жөнүндө” уюмга мүчө мамлекет башчыларынын билдирүүсү жөнүндө.

-1992-жылдын 15-майында кабыл алынган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу экинчи протокол.

-2002-жылдын 7-октябрында кабыл алынган ЖККУнун уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө экинчи протокол.

-2002-жылдын 7-октябрында кабыл алынган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Үчүнчү протокол.

-ЖККУнун укуктук статусу жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу экинчи протокол.

“кризистик жооп кайтаруу борбору тууралуу жобо жөнүндө” чечими.

-баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча компетенттүү органдарынын жетекчилеринин координациялык кеңеши жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” чечими.

“аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын төрагасы жөнүндө” чечими.

“уюмдун 2019-жылга карата бюджети жөнүндө” чечими.

Copyright © 2017 Maral FM