Биз менен байланышыңыз

Грецияда дин кызматкерлери мамлекеттик статусунан ажырайт

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Ноя 2018 | 844 | 0

Грециянын бийлиги менен Ортодокс чиркөөсү өлкөдөгү он миң дин кызматкеринин мамлекеттен бөлүнүүсү тууралуу макулдашууга кол коюшту. Бул мамлекеттин ар бир тармагына активдүү катышкан дин менен мамлекетти бөлүү жолундагы маанилүү кадам катары бааланууда.

Аталган дин кызматкерлеринин айлыгы эми мамлекеттик бюджеттен берилбей, чиркөөгө тиешелүү фондго бөлүнчү акчадан берилмей болду.

Грецияда проваславдык чиркөө миң жылдардан бери өлкөнүн баш мыйзамында расмий дин катары белгиленип, бардык тармакта негизги ролду ойноп келген.

Өлкөнүн премьер министри Алексис Ципрас менен башкы поп Йерономистин ортосунда түзүлгөн келишим мамлекеттик кызматкерлердин санын азайтууну талап кылган тараптарды сүйүнткөнү менен кээ бир дин кызматкерлерин нааразы кылды. Бирок бул өзгөрүү чиркөөнүн мамлекеттик статусуна гана тиешелүү болуп, диний жашоо мурдагыдай эле уланат.

Тактап айтканда, мектеп окуучулары 12 жыл бою дин сабагын окушат, эрте менен сабакты бата кылуу менен башташат. Башкы прокуратуранын, Жогорку Соттун жана башка соттордун отурган жайында милдеттүү турдө чиркөөнүн чырым белгиси коюлуп турат.

Copyright © 2017 Maral FM