Биз менен байланышыңыз

Панкратов: ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорт 380 млн доллардан ашты

Кыска кабар | 6 Ноя 2018 | 574 | 0

Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорту 387,5 млн долларды түзүп, 5,1 пайызга өстү. Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылдын январь-август айларында экспортто жакшы натыйжалар көрсөтүлгөн. Ал эми өлкөнүн жалпы экспорту 1 млрд 37,5 млн сомду түзгөн. Бул өткөн жылкыга салыштырмалуу 4,9%га аз болгон.

Ошондой эле ЕАЭБ рыногунда атаандаштыкка туруштук берип, экспорттун географиялык диверсификациясына умтулуу зарылдыгын баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM