Биз менен байланышыңыз

АКШда парламенттин Эл өкүлдөр палатасы шайланат

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Ноя 2018 | 618 | 0

Бүгүн, 6-ноябрда АКШда парламенттин Эл өкүлдөр палатасын, мыйзам чыгаруу палатасынын үчтө бирин жана губернаторлордун жарымын шайлоо өтөт. Серепчилердин айтуусунда, бул шайлоо өлкө президенти Дональд Трамптын мындан аркы маанайын аныктайт. Бул күн Трампка ишеним көрсөтүү же көрсөтпөө тууралуу референдум катары бааланууда.

Тактап айтканда, учурда парламентте анын Республикалык партиясынын өкүлдөрү көпчүлүктү түзөт. Эгерде шайлоодо эң ири атаандашы болгон Демократиялык партиясы утса, Трамптын режими мурункудай “өз билгенин жасабай калат”.

Шайлоо алдындагы өнөктүктөр бул эки партиянын ортосунда курч жүрүп, колдоочулары да бирдей активдүүлүктү көрсөткөнү үчүн жеңиш кайсы тарапта болоорун болжолдоо кыйын. Жада калса шайлоого бир күн калганда же шайлоо күнү да жагдай өзгөрүп кетүүсү мүмкүн. Себеби АКШда “жымжырттык күнү” деген түшүнүк жок, бул күнү да талапкерлер кадимкидей үгүт иштерин жүргүзө алышат.

Кошумчалай кетсек, 1845-жылы шайлоо күнү деп ноябрь айынын биринчи Шейшемби күнүн белгилешкен. Базар күнү эл чиркөөлөргө барып, ибадат кылуучу күн болгон учүн бул күнгө шайлоо коюлган эмес. Шейшемби иш күнүнө дал келген үчүн 35 штатта каалоочулар алдын-ала шайлоо мүмкүнчүлүгүн алышкан. Калгандарында 6-ноябрда гана шайлоого барышат.

Copyright © 2017 Maral FM