Биз менен байланышыңыз

Японияда өспүрүмдөр арасында өз жанын кыйгандар көбөйдү

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Ноя 2018 | 569 | 0

Японияда өспүрүмдөр арасында өз жанына кол салуулар акыркы отуз жылда эң жогорку денгээлине жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Билим берүү министрлиги маалымдады.

2016-жылдын мартынан 2017-жылдын март айына чейин суицидге баргандардын саны 250 болсо, бул жылы алардын саны 5 эсеге өскөн. Бул 1986-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.

Өз өмүрүнө кол салган балдар ага чейин үй-бүлөдөгү маселелерден, теңтуштарынын шылдыңдоолорунан жапа чеккенин билдиришкени маалым болгон. Бирок артында жазуу түрүндө же башкача билдирүү калтырышкан эместиги үчүн өлүмдөрүнүн так себептери белгисиз бойдон калууда.

Серепчилердин байкоосунда мындай кадамдар окуу жылы башталгандан тарта көбөйүп кетет. Суицидке баргандардын көпчүлүгү жогорку класстардын балдары экени маалым болгон.

Кошумчалай кетсек, Японияда өспүрүмдөрдү эске албаганда жалпы суициддин саны 2000-жылдын баштарына караганда дээрлик эки эсеге кыскарган.

Copyright © 2017 Maral FM