Биз менен байланышыңыз

Илья Ковальчуктун “жолу ачылбай жатат”

Кыска кабар , Спорт | 6 Ноя 2018 | 759 | 0

Орусиянын атактуу хоккейчиси, олимпиаданын чемпиону Илья Ковальчук америкалык “Лос Анжелес кингз” клубунда ойногондон бери бир да көрүнүктүү ийгиликке жетишпей жатат. Серепчилер анын туура эмес клубду тандап алганын айтып чыгышты. Убагында НХЛде(Америка жана Канаданын жогорку денгээлдеги 31 командасы ат салышкан профессионал лига) ойногон 13 клуб Ковальчукка кардар болушканына карабай, ал “ЛА Кингзди” тандар алган.

“Спартак” клубунан тарбияланып чыккан Ковальчук спорттук карьерасында эң жогорку деңгээлдерди багынтып, эми НХЛдин (Улуттук хоккей лигасы) Стэнли Кубогун да жеңүүнү пландаган. Бирок аталган клуб бир топ убакыттан бери Лигада эң акыркы орунда калып жаткан чагы.

Убагында НХЛдин эң башкы трофейи болгон Стэнли кубогун жеңген “ЛА Кингз” бул апта өзүнүн башкы машыктыруучусу менен анын жардамчысын кызматтан кетирди. Бирок бул кадам клубду ондой албасын эскерткен адистер кардиналдуу өзгөрүүлөргө барусу шарт экенин айтышууда. Тактап айтканда, команданын курамын өзгөртүү керек. Анткени үч гана оюнчусу 25 жаштын кырында болсо, тогуз оюнчу отуздан ашкан. 35 жаштагы Ковальчук да алардын катарында. Ал канчалык аракет кылбасын, киргизген шайбалары “ЛА Кингзди” ордунан жылдыра албай жаткан кербези.

Copyright © 2017 Maral FM