Биз менен байланышыңыз

Орусияга киргизилген санкциялардан эң көп Германия жабыркоодо

Дүйнө | 5 Ноя 2018 | 608 | 0

Евробиримдиктин Орусияга каршы киргизген чектөөлөрүнөн европалык мамлекеттер, өзгөчө Германия жабыркап жатканы маалым. Бул тууралуу Киль дүйнөлүк экономика  институтунун билдирүүсүнө таянып немис басылмалары жазып чыгышты.

Институттун эсептөөлөрү боюнча, Орусияга каршы санкциялардын айынан Евробиримдик менен Американын кирешеси 50 миллиард долларга кыскарган. Европалык жоготуулардын дээрлик 40% Германияга тиешелүү. Анын айлык жоготуусу 727 миллион долларга жетүүдө. Жоготуулардын басымдуу бөлүгү Орусияда иш алып барган германиялык банктардын ишин токтотуусунан келип чыгууда.

Серепчилердин айтымында, Орусиядагы бош калган базарды азиялык, көбүнчө кытайлык компаниялар ээлеп алуу ыктымалдыгы жогору.

Ал арада Москвада Думанын депутаты Алексей Пушков Германия бул чектөөлөрү менен украин лидери Порощенкону кубанткандан башка эч кандай пайда бербестигин айтты.

“Порошенконун кубанычы жылына жоготуп жаткан 9 миллиард долларга татыбашы анык! 1 миллион мигрантты өлкөгө киргизүү тууралуу чечими сыяктуу эле Меркелдин Орусияга каршы санкцияларды түбөлүккө калтыруу чечими да анын бийлигиндеги эң орчундуу катасы болот деп эсептейм”,-деп жазган.

Эске сала кетсек, Орусияга каршы саясий-экономикалык санкциялар Кремль Крымды өзүнүн бийлигине кошуп алгандан кийин башталган. Чектөөлөр күчөп олтуруп, аймакта финансылык кризистин чыгуусуна алып келген. Евробиримдик Орусиянын Крымдан баш тартуусунан кийин гана санкцияларды артка кайтарарын эскертүүдө. Орус бийлиги болсо алардын кадамы толук укук-мыйзам чегинде, демократиянын принциптерине ылайык болгонун айтып талаптан баш тартып келет.

Copyright © 2017 Maral FM