Биз менен байланышыңыз

Трамп Иранга санкция киргизгенин фильмдин репликасы менен жар салды

Дүйнө | 5 Ноя 2018 | 649 | 0

Бүгүн, 5-ноябрда АКШнын Иранга каршы киргизген санкцияларынын экинчи агымы ишке кирет. Муну президент Дональд Трамп өзүнүн Твиттер баракчасынан эскертти. Ал учурдагы дүйнөнүн эң атактуу фильмдеринен болгон “Такты оюндарынын» (“Game of Thrones” Орусчасы “Игра престолов”)”  “Кыш келатат! (Winter is coming)” репликасын өзүнүн сүрөтү менен алмаштырып, “Санкциялар келатат! (Sanctions are coming)” деп жарыялаган.

Трамптын бул эрөөлүнө каршы Ирандын Төңкөрүштү коргоо комитетинин башчысы Касым Сулайман ошол эле фильдин постерин колдонуп “Мен сага каршы турам! (I will stand against you)” деген жазуусу бар сүрөтүн жарыялаган.

“Такты оюндарынын” авторлору өздөрүнүн чыгармасынын саясий мүнөздө колдонулуусуна терс пикирлерин билдирип чыгышты. Фильмдин режиссёру CNNге берген маегинде: “Маркабыздын мындай саясий багыттагы оор диалогдор үчүн колдонулуусун каалабайбыз”,-деп билдирген.

Ал эми Трампты фильмдеги терс каарман падыша Жофрейге окшоткон сценарист жана чыгарманын автору Жорж Мартин Трампты колдобогон адабиятчы катары таанымал. Ал 6-ноябрда өтүүчү ара шайлоого барып, ага каршы добуш берүүгө чакырган билдирүүсүн калтырган. Анда: “Коркуу кылычтан өткүр. Алтысында шайлоого барып, добуш бергиле”,-деп айткан.

1979-жылы Иранда болуп өткөн мамлекеттик төңкөрүштө 5-ноябрь күнү АКШ элчилигинин курчоого алынган күнүндө башталган санкцияларга ирандыктар нааразылык акцияларына чыгышты. Кээ бир басылмалардын билдиришинче, митингдерге 4 миллиондой киши катышкан. Алар АКШга, Трампка жана долларга каршы ар кандай ураандарды чакырышты.

Эске сала кетсек, АКШ Иран менен түзулгөн Европа мамлекеттери да катышкан өзөктүк келишимден 2017-жылы чыгып кетип, ага каршы санкцияларын киргизе баштаган. Автоунаа, алтын жана башка металлдарга болгон чектөөлөрдүн биринчи блогу үстүбүздөгү жылдын 7-августунда күчүнө кирген болсо, бүгүн башталган экинчи блокто Ирандын энергетика сектору жана банктарына киргизилген санкциялар бар. Серепчилер дараметтүү мунай өндүрүүчү жана экспорттоочу Ирандын бул тармагына киргизилген чектөөлөр мунайга болгон баанын туруксуздугуна алып келерин билдиришүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM