Биз менен байланышыңыз

Жоробеков: Атамбаев КСДПнын абийирин кетирди

Күн чекит | 2 Ноя 2018 | 980 | 0

Коомчулукта кызуу талкууланып жаткан КСДП партиясынын тегерегиндеги кептер жана фракция лидери Иса Өмүркуловдун партиянын катарынан чыгарылышы тууралуу саясат талдоочу Жолборс Жоробеков менен «Күн чекит» программасында маек курдук.

Марал: Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов партиянын саясий кеңеши аны партиядан негизсиз чыгарганын жарыялады. Көрүнүп тургандай, партия ичинде жагдай оңой эмес экени анык. Мындан ары партияны кандай тагдыр күтөт? Бул чуу кантип аяктайт деп ойлойсуз?

Жолбор Жоробеков: Мындан трагедия чыгаруунун кереги жок. Саясатта боло келген иштердин бири. Буга чейин деле ушундай жагдайлар орун алып келген. Болгону бул жолу аталган партиядан чыккан учурдагы президент менен өзүн партиянын жетекчисимин деп эсептеген экс-президенттин ортосунда абал курчуганы өзгөчөрөөк болду. Бирок мен мындан партияны жок кылып жиберчү деле абалды көрбөй жатам. Анын келечеги президент Жээнбековдун чечимине жана партияга болгон мамилесине байланыштуу болот.

Ал эми Өмүркуловдун партиядан чыгарылышы Советтер Союзу учурундагы Компартиядан чыгарылууга салыштырууга болбойт. Көп партиялуулук учурунда бир партиянын устав-эрежелери менен макул болбой, экинчисин тандап кетүү нормалдуу көрүнүш.

Марал: Окуя курчуп кетсе, өлкөдөгү саясий стабилдүүлүккө таасир тийгизүүсү мүмкүнбү?

Жолбор Жоробеков: Жок, мен антип ойлобойм. Бул бир партиянын ичиндеги эле маселе.  Партиялардын биригүүсү же бөлүнүп кетүүсү мамлекеттик саясатта көп деле өзгөртүүчү роль ойнобойт. Болгону, президент Жээнбеков бир гана өзү чыккан партияны эмес, бардык прогрессивдүү партияларга бирдей мамиле кылып, шарт тузүп берип, алдыга карай жылуусу керек деп эсептейм.

Марал: Эми кээ бир бийликке жакын мүчөлөр чыгып, өздөрүнчө жаңы бир партия түзүп кетүү ыктымалдыгы барбы? Же балким, экс-президенттин өзүн партиядан сурүп чыгаттыр?

Жолбор Жоробеков: Албетте, саясатта ар кандай кырдаалды күтсө болот. Так кесе прогноздоо кыйын. Бирок партия ичиндеги акыркы абалдар жана съезддеги окуялар көрсөткөндөй, азыр Атамбаевдин тегерегинде абдан аз киши калды. Көпчүлүк партиялаштары аны колдобойт. Алардын жаңы партия тузүп же башка ишеничтүү партияга биригип кетүүлөрү деле толук мүмкүн.

Марал: Фракция лидерин чыгарып салууга күчү жеткенине караганда, Алмаз Атамбаевдин партияда дагы деле сөзү өтүмдүү экенин түшүнсө болобу? Же бул анын саясатка келүү үчүн акыркы далалаттарыбы?

Жолбор Жоробеков: Менимче сөзү өтүмдүү деп айтууга деле болбойт. Себеби анын тегерегинде аз гана колдоочулары калды. Бирок алар дагы деле иллюзиядан чыга албай жүрүшөт окшойт. Бийликке кайтуу кыялдары жандуу сыяктуу. Ошентсе да чынында колунда чоң суммада акча бар. Медия каражаттары да жетишерлик: колунан саат алган, акча алган ж.б. колдоочу журналисттерин мобилизациялап, президент Жээнбековду каралоо иштерин күчөтүшу мумкүн. Кандай болгон күндө деле, эл эми Атамбаевге ишенбейт. Анын кайра саясий жогорку аренага келүү мүмкүнчүлүгү жок, анын доору өттү.

 

Copyright © 2017 Maral FM