Биз менен байланышыңыз

Премьер-министр маданият жана искусство ишмерлерин куттуктады

Кыска кабар | 2 Ноя 2018 | 609 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Быйыл маданият, искусство тармагында сыймыктана турган бир топ жакшы иштер аткарылды. Алардын эң башкысы – III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өттү, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленип жаткандыгын белгиледи.

Ошондой эле өкмөт маданият ишмерлеринин чыгармачылыктагы өсүшүн дайыма колдоп, искусствону өнүктүрүүгө маани берип келет. Быйыл маданият тармагынын айрым кызматкерлеринин айлык маянасы көтөрүлдү деп кошумчалады.

Мындан ары да көп улуттуу элдин ынтымагын сактоого, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө маданият кызматкерлери салымын кошууну улантарына ишеним артты.

Copyright © 2017 Maral FM