Биз менен байланышыңыз

“Ювентус” үчүн эң кооптуу клуб — “Барса”

Кыска кабар , Спорт | 31 Окт 2018 | 762 | 0

Италиялык “Ювентус” клубунун башкы машыктыруучусу Массимилиано Аллегри Чемпиондор лигасынын алдыдагы айлампаларында испаниялык “Барселона” менен баары бир бет келерин айтат.

2019-жылдын мартынан баштап беттештер башкача түскө өтөт. Биз үчүн эң чоң коркунуч “Барса” болууда. Ал менен беттеште бизге бир аз ийгилик жылмайышы зарыл. Эч кандай жаракат болбоосу шарт жана футболчуларыбыз эң мыкты формада туруулары керек”,- дейт Аллегри.

Эске салсак, өткөн сезондо “Ювентус” чейрек финалда “Реал Мадридге” утулуп, финалга жетпей калган. Ал акыркы жолу 1996-жылы Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM