Биз менен байланышыңыз

Көк бөрүнүн биринчи жарым финалисти аныкталды

Кыска кабар , Спорт | 31 Окт 2018 | 892 | 0

Көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионатында Чүй облусунун “Сары Өзөн” командасы биринчилерден болуп жарым финалга чыкты. Алар “А” тайпасында Ош шаары жана Бишкек шаарынын командалары менен бет келишкен. Эки атаандашын тең 12:3 жана 10:3 эсебинде уткан чүйлүктөр жарым финалга кадам ташташты.

Ал эми Ош шаарынын командасы үчүнчү орун үчүн оюнга укук алуучу беттешке катышмай болду.

Эске салсак, өлкө биринчилиги залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90жылдык маарекесине арналып, Ош шаарынын “Төлөйкөн” ат майданында өтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM